2024-жылдын 25-26-январында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаевдин Венето регионуна жумушчу иш сапары болду

69

2024-жылдын 25-26-январында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаевдин Венето регионуна жумушчу иш сапары болду.

Венециянын вице-мэри Андреа Томаелло менен жолугушууда соода-экономикалык, туризм, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык тармактарда кызматташуу боюнча келишимге кол коюу менен Кыргызстандын шаарлары менен аймактык кызматташтыкты түзүү маселелери талкууланды. Элчи Таалай Базарбаев талкууланган демилгелерди ишке ашыруу үчүн Венеция мэриясынын жетекчилигин Кыргызстанга иш сапар менен келүүгө чакырды.

«Ca’ Foscari Venezia» университетинин проректору Киара Саккон менен Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташууну түзүү жана биргелешкен илимий жана маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди. Элчи Таалай Базарбаев эки тараптуу кызматташуу боюнча Макулдашуунун долбоорун кароого берди, анда студенттерди, профессордук-окутуучулук курамды алмашуу, ошондой эле Венеция университетинде окууга квота алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери Италиянын «Confindustria Veneto Est» өнөр жай компанияларынын ассоциациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Алессандро Нардо менен талкууланды.

Италиялык компанияларды Кыргызстандын рыногуна тартуу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлор сунушталды. Ошондой эле Кыргызстандын экспорттук продукциялары көрсөтүлдү.

Алессандро Нардо быйыл Кыргызстанга Венето аймагынан бизнес өкүлдөрүн тартууга жана бизнес миссиясын уюштурууга даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: «Confindustria Veneto Est» Венеция, Падова, Ровиго жана Тревизо провинцияларындагы беш миң компанияны бириктирет. Аймактын тышкы соода жүгүртүүсү 2023-жылдын аягында 80 миллиард евродон ашыкты түзгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK