Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы банктык-финансы жана салык тармактарында кызматташтыктын келечеги талкууланды

119

2024-жылдын 4-мартында Элчиликтин демилгеси менен Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаевдин Италиянын Ыйгарым укуктуу министри, Экономика жана каржы министринин дипломатиялык кеңешчиси Стефано Белтраме менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Базарбаев банктык-финансы тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстан менен Италиянын банктарынын ортосунда түз өз ара аракеттенүүнү орнотууну талкуулады.
Ошону менен бирге, италиялык тарапты салык тармагындагы кызматташууну активдештирүү зарылдыгына көңүл бурулду.
С.Белтраме кыргыз тарап менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки тараптуу кызыкчылык туудурган кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK