л аралык китептер көргөзмөсүндө улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары көрсөтүлдү

8920

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Катар Мамлекетинин Маданият жана спорт министрлигинин калкасында өтүп жаткан Эл аралык китептер көргөзмөсүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары көрсөтүлдү.
Улуттук ыкма менен кооздолгон Кыргыз Республикасынын павильону кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөөгө арналган. Көргөзмөдө улуу жазуучунун дүйнөнүн көптөгөн тилдерине, анын ичинде кыргыз, орус, англис, казак, немис тилдерине которулган китептери көрсөтүлдү. Экспонаттардын көпчүлүк бөлүгүн араб тилиндеги китептер, анын ичинде 2018-жылы басып чыгарылган араб тилиндеги китептер түзөт жана бул нерсе автордун араб тилдүү окурмандардын арасында популярдуу экендигин далилдейт. Алардын арасында, улуу жазуучунун “Биринчи мугалим”, “Атадан калган туяк”, “Уулу менен кездешүү”, “Кош бол, Гулсары!” чыгармалары да бар. Павильондо жазуучунун 90-жылдыгына арналган видеороликтер үзгүлтүксүз көрсөтүлүүдө.
    Кыргыз көргөзмөсүн Катар Мамлекетинин Мажлис Аш-Шурасынын Төрагасы (Парламент) Ахмад бин Абдалла бин Зайед Аль-Мухаммад, Маданият жана спорт министри Салах бин Ганим Аль-Али, Юстиция министри д-р Исса бин Саад Аль-Джафали Аль-Нуаими, Вакуф жана ислам иштери боюнча министри д-р Гаис бин Мубарак Аль-Кувари, Административдик өнүктүрүү, эмгек жана социалдык иштер боюнча министри Юсеф бин Мохаммед Аль-Осман Фахру, Өкмөттүк коммуникациялар боюнча агенттигинин директору шейх Саиф бин Ахмед бин Саиф Аль-Тани, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, дипломаттар, студенттер ж.б. келип көрүп кетишти. Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, ошондой эле анын 90-жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу жогорку конокторго айтып берди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK