Доха шаарындагы ЭКСПО көргөзмөсүндөгү Кыргызстан павильонунун расмий ачылыш аземи

127

Доха шаарында өтүп жаткан ЭКСПО 2023 “Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө” көргөзмөсүндө 2023-жылдын 26-ноябрында Кыргызстан павильонунун расмий ачылышы болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Айнура Туйбаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева; Катар Мамлекетинин Өкмөтүнөн - ЭКСПО 2023түн Башкы комиссары Бадер Омар Аль Дафа жана ЭКСПО 2023түн Башкы катчысы Мохаммед Али Аль Хури ачты.

Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандан алынып келинген балаты көчөттөрүнүн сорттору отургузулуп, павильондун сыртына боз үйлөр тигилди. Мындан тышкары, бал азыктарын, ширелерди, кургатылган мөмөлөрдү, шоколадды, кол өнөрчүлөрдү чыгарган 10дон ашык ишканалар өз продукцияларын тартуулашты.

Расмий ачылыштын жүрүшүндө катышучулар ЭКСПО көргөзмөсүнө коюлган экологиялык таза азыктарды жана улуттук тамак-аштарды даамдай алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK