2024-жылдын 20-мартында Катар Мамлекетиндеги Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марат Нуралиев Катар Эйрвейс компаниясынын Аткаруучу директору Бадр Мохаммед Аль-Мир менен жолугушуу өткөрдү.

106

Жолугушуунун жүрүшундө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, тактап айтканда, эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттам ачылышынын так мөөнөтөрү талкуланды. Ошентип, учурда өлкөлөр ортосундагы биринчи түз каттам 2024-жылдын 14-июнуна пландаштырылган. Мындан тышкары, эки өлкөнүн туристтик потенциалы жана учактардын толушу талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча тыгыз координациялоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK