Нотариалдык маселелер

Консулдук кызматкер төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерден башка бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;

- мураска калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрөт;

- мураскордукка укугу тууралуу күбөлүктөрдү берет;

- жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу тууралуу күбөлүктү берет;

- документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардын үзүндүлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт;

- документтерге коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрөт;

- документтердин бир тилден башка тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрөт;

- жарандын тирүү болуу фактысын күбөлөндүрөт;

- жарандын белгилүү бир жерде болуу фактысын күбөлөндүрөт;

- жарандын фотосүрөт менен окшоштугун күбөлөндүрөт;

- документтерин көрсөткөн убактысын күбөлөндүрөт;

- акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;

- аткаруу жазууларын жүзөгө ашырат;

- документтерди сактоого кабыл алат;

- далилдөөлөрдү камсыз кылат;

- деңиз протесттерин жасайт.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.

Нотариалдык иш-аракеттер консулдук мекемеде жүргүзүлөт. Айрым учурларда нотариалдык иш-аракеттер бул көрсөтүлгөн мекемеден сырткары жерлерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Нотариалдык иш-аракеттер аны аткаруу үчүн керектүү болгон бардык документтер берилген, мамлекеттик алым, консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөн күнү жүзөгө ашырылат.

Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдөргө, ошондой эле арыздарга жана башка документтерге нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырып жаткан консулдун катышуусунда кол коюлат. Эгерде бүтүм, арыз же башка документке консул жок кезде кол коюлса, анда кол койгон адам жеке өзү документке кол койгондугун тактал бериши керек.

Консулдук кызматкерлер төмөнкү учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алышпайт, эгерде:

- документтерде кырып оңдолгон же кошуп жазылган сөздөрү, чийип салынган сөздөрү жана башка алдын ала сүйлөшүлбөгөн оңдоолору болсо, ошондой эле документтер калем менен жазылса;

- документтер бир нече баракка жазылып, бирок беттери номерленбесе жана боо өткөрүлүп байланбаса, документти берген уюмдун кызмат адамынын колу коюлбаса жана мөөрү басылбаса;

- документтерге колу факсимилде коюлса.

Консулдук кызматкер төмөнкү учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудан баш тартат, эгерде:

- мындай иш-аракетти жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе;

- нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу өтүнүчү менен ишке жарамсыз жаран же тиешелүү ыйгарым укуктары болбогон өкүлү кайрылса;

- юридикалык жактын атынан жасалган бүтүм, анын уставындагы же жобосундагы максаттарга карама-каршы келсе;

- бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе;

- нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе.

Консул нотариалдык иш-аракеттер үчүн каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коюмдар боюнча алат.