Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Н.Нигматулин менен расмий жолугушуу өткөрдү

5900

Ушул жылдын 21-январында Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Н.Нигматулин Кыргыз Республикасынын Элчиси Ж.Кулубаевди кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Мажилистин Төрагасы Н.Нигматулин  эки өлкөнүн президенттери Н.Назарбаевдын жана Сооронбай Жээнбековдун өз-ара колдоосу менен кыргыз-казак саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуусу жогоруу деңгээлде экенин  аныктады. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекет аралык чек араны демаркациялоо Договорунун ратификациядан өтүшү эки мамлекеттин достугун чыңдайт деген оюн билдирди.

Ж.Кулубаев Мажилистин Төрагасынын аныктоосу менен макул болуп, кыргыз-казак жакын кошуналык, достук, стратегиялык кызматташуусу башка мамлекеттер үлгү болуш керек экендигин баса белгилеп кетти. Эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланышты кеңейтүүгө мүмкүнчүктөр чоң экендигин айтты. Эки тарап парламент аралык кызматташууну, эки парламенттин достук группаларынын өз ара байланышын активдештирүүнү талкуулашты. Мажлистин Төрагасы Н.Нигматулин Кыргызстандын Элчисинин дипломатиялык кызматына Казакстандын Мажилиси тарабынан толук жардам көрсөтүлөрүн ишендирип кетти. 

Элчи Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А. Джумабековдун атынан Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Н.З. Нигматулинге жиберген чакыруу катын расмий турдө колуна тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK