Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди жана боордош Казакстан элин кирип келе жаткан Жаңы 2020-жылы менен куттуктады.
Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге Жаңы 2020-жылы бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.