Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевди Жаңы жыл менен куттуктады
Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди жана казакстандыктарды келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктады.
Мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын 2019-жылдагы интенсивдүү жана жакшы динамикалуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти.
Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү маселелерин талкуулашты.