Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстандын индустрия жана инфраструктура Министринин 1-орун басары Р.Скляр менен жолугушту

5229

2019-жылдын 25 январында  Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын  индустрия жана инфраструктура Министиринин 1-орун басары Р.В.Скляр менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу кыргыз-казак кызматташуусундагы транспорт жана инфраструктураны өнүктүрүү маселеси боюнча ой алмашышты. Ошондой эле кыргыз–казак чек арасындагы контролдук өткөрүү пунктарын (КПП) оңдотуу жана инфраструктураларын жогорку деңгээлге жеткирүү суроолорун талкулашты. Бул маселерди алдыга жылдыруу үчүн жакын арада ведомство аралык адистердин жолугушуусун өткөрүүнү макулдашышты. Жолугушунун негизинде иш маселелер боюнча кезигишип турууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK