Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Б.Сагинтаев менен жолугушту

5252

2019-жылдын 28-январында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Б.Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаевды Астана шаарындагы Өкмөт Үйүндө кабыл алды. Жолугушуу учурунда Элчи Ж.Кулубаев Казакстандын Премьер-министрине 2017-жылдын декабрь айында кол коюлган Жол картанын жана 2018-жылдын август айында кол коюлган Өкмөт аралык Кеңештин 7-чи отрумунун  Протоколунун ишке ашуусу боюнча маалымат берди. Ошондой эле эки тарап кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү маселеси боюнча ой алмашышты. Казакстандын Премьер-министри Б.Сагинтаев эки тараптын электрондук маалымат системасынын айкалыштырыш керектигин жана Кыргызстандын, Казакстандын территориясында, ошондой эле ЕАЭС аймагында товарлардын жылышына көз салуу керектигин баса белгиледи.

 Б. Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевге жылуу саламын айтуу менен бирге жакынкы арада Алматы шаарында ЕАЭСтин отурумунда жолугушарына үмүт кылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK