Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги 2021-жылдын 13-январындагы Кыргыз Республикасына келип жаткан чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдарга карата түзүлгөн COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы тууралуу Алгоритмдердин талаптарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт.

3842

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги 2021-жылдын 13-январындагы Кыргыз Республикасына келип жаткан чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдарга карата түзүлгөн COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы тууралуу Алгоритмдердин талаптарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт.

Көрсөтүлгөн Алгоритмге ылайык, акыркы 72 саатта жүргүзүлгөн коронавирустук инфекциянын жоктугун көрсөткөн ПЧР тестинин натыйжаларын көрсөткөндө, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына учуп бара жаткан аба кемесинин бортуна киргизилет. (анализ алынган учурдан баштап саналат).

Кыргыз Республикасына келгенден кийин, санитардык-карантиндик пункттардын (СКП) кызматкерлери ПЧР тестинин натыйжаларын жана чек арадан өтүүдө жүргүнчүлөрдүн термометриясын текшеришет.

Учактын бортунда стюардессалар жүргүнчүлөргө "Кыргыз Республикасына келүү үчүн Анкетаны" беришет, ал толтурулгандан кийин СКП кызматкерлерине тапшырылышы керек.

Учуунун узактыгына же учууну кечиктирүүгө байланыштуу объективдүү себептерден улам ПЧР тестинин мөөнөтү аяктаганда (72 саат), чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жери боюнча (аэропорттун терминалдарында) ПЧР сыноосунан өтүшү керек.

Ушундай эле талаптар өлкөгө автоунаа жолу менен келген жарандарга да тиешелүү. "Кыргыз Республикасына келүү жөнүндө Анкета" Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында толтурулат.

Ошол эле учурда, Элчилик жогоруда айтылган талаптар Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлерине, эл аралык уюмдардын кызматкерлерине (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу келүү жөнүндө алдын-ала билдирүү менен), расмий делегациялардын мүчөлөрүнө (Тышкы иштер министрлиги аркылуу келүү жөнүндө алдын ала билдирүү менен) жайылтылбай тургандыгын эскертет. Бул талап эл аралык жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү туруктуу эл аралык ташууну жүргүзгөн айдоочулар, мектепке чейинки курактагы балдар (7 жашка чейин), өлкөдөгү шайлоо процессинин эл аралык байкоочуларына дагы тийиштүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK