Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти, Элбашы Нурсултан Назарбаевдин өкүлү Жансеит Туймебаев менен жолугушуусу

2800

2021-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын  тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бишкекке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ант берүү аземине катышуу үчүн Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Элбашы Нурсултан Назарбаевдин өкүлү катары келген Казакстан Республикасынын Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары - Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Казакстан элинин ассамблеясынын Катчылыгынын башчысы Жансеит Туймебаев менен жолугушуусу болуп өттү.
Казакстандын Биринчи Президентинин өкүлү Ж.Туймебаев кыргыз тарапты 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун, ошондой эле бүгүн Мамлекет башчысынын инаугурация аземинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашышты.
Министр Р.Казакбаев алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чараларды даярдоого өзгөчө көңүл бурду.
Кыргыз-казакстандык маданий-гуманитардык кызматташтыгын жалпысынан жана өзгөчө Кыргызстан элинин ассамблеясы менен Казакстан элинин ассамблеясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн мааниси өзгөчө экендиги белгиленди.
Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан  бардык тармактар боюнча тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

  • Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти, Элбашы Нурсултан Назарбаевдин өкүлү Жансеит Туймебаев менен жолугушуусу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK