Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын айыл чарба Министри С.Омаров менен жолугушуу

4921

2019-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын айыл чарба Министри С.Омаров менен жолугушуу өткөрдү.

 Жолугушуу учурунда Министр С.Омаров менен Элчи Ж.Кулубаев эки өлкөнүн айыл чарба тармагында азыркы учурдагы кызматташуусун жана келечегин, ошондой эле ЕАЭС ичинде бири бирине колдоо корсөтүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле тараптар 28-февральда Астана шаарында кол коюлган фитосанитарияны көзөмөлдө боюнча Жол картанын ишке ашырылышы боюнча ой алмашышты. Жолугушуунун аягында маселерди тез чечүү максатында дайыма эки тарап байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK