Пресс-релиз Посольства от 11 января т.г.

2168

КРнын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасындагы массалык баш аламандыктарга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар шартында КРнын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча маалыматты тез арада коомчулукка жеткирүү максатында төмөндөгүлөрдү билдирет.

-    2021-жылдын 11-январында Алматы шаарынан Кыргызстандын 150 жараны Кыргызстанга алып келинди. Бул жарандар Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) колдоосу менен КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган атайын автобустарда "Ак-Жол" көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна чейин келип, андан бери Бишкек шаарынын ортосуна чейин (КРнын ТИМнин борбордук мараты, Эркиндик булвары 57); 

- Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган КРнын жарандары З. Юбуров, А. Хуров, А.Р. Джишанло, И. Мачону бошотуу боюнча казакстан тарабы менен  келишимдер жетишилди;

- ЖМКда жана социалдык тармактарда КРнын жараны Б.Торогелдиевдин Шымкент шаарында укук коргоо органдары тарабынан  сурак убагында катуу сабалып, оор абалда медициналык жардамга муктаж экендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын белгилейбиз, азыркы кезде Министрликтин кызматкерлери Б.Торогелдиев менен байланышта, анын ден соолугу жакшы, коопсуз абалда үйүндө жайгашкан. 

- казакстан-кыргыз мамлекеттик чек арадан өтүүлөр чектелгендиктен Казакстанда баш аламандыктар учурунда каза болгон КРнын жараны А.Мусаевдин сөөгүн мекенине алып келүү үчүн энеси КРнын С.Иманходжаевге казакстан тарабы менен сүйлөшүлүп,  КРнын аймагына кирүүгө уруксат алынды. 

Казакстан Республикасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы мекендештерди жашаган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчыл аракеттерге алдырбоого, саясий окуяларга катышпоого, эл көп чогулган жерлерге барбастан,  өз жашаган ордунда калууга чакырат.

Министрлик консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары, өзгөчө Алматы облусунда жашаган жарандар Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна байланышуусун туруусун керектигин эскертет: 

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 -  ыкчам тел номери  

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989-895

+996 709 983 465;

Нур-Султан  шаарындагы Элчилик

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK