2022-жылдын 27-сентябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

1380

2022-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев «Казак Экспорттук Камсыздандыруу Компаниясы» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Аслан Калигазин менен эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушту.

Д.Дюшекеев инвестициялык байланыштарды, ошондой эле экспортко багытталган өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө, даяр продукцияны башка өлкөлөргө экспорттоо боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүгө басым жасады.

Өз кезегинде А.Калигазин «Kazakh Export» компаниясынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле жогоруда аталган багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK