2022-жылдын 11-октябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

1015

2022-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Данияр Жаналинов менен жолугушту.

Бул жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 2-отурумунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү жүк ташуучулардын маселелери талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK