Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча барак

2019-жылдын 6-мартындагы № 106 “16 жашка чыга элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча барактарды колдонуудан чыгаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2019-жылдын 1-июлунан тартып баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты берүүгө документтерди кабыл алуу, ошондой эле аны берүү токтотулат.