КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушту

170

2023-жылдын 28-февралында Астана шаарында “Борбордук Азия + АКШ” (С5+1) министрлеринин жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы негизги маселелерин талкуулашты.

2023-жылы өтө турган кыргыз-түркмөн иш-чараларын жогорку жана эң жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

  • КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушту
  • КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK