Президент Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

4748

2019-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Президентинин кезексиз шайлоосундагы жеңиши менен куттуктап, боордош Казакстан эли үчүн бул маанилүү жана жооптуу тандоо болгонун белгилеп кетти. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков жаңы шайланган Президенттин ишмердүүлүгү Казакстандын мындан ары туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө мүмкүндүк берээрин ишендирди. Кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Мамлекеттердин башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле Бишкекте өтө турган ШКУнун Саммитинин ишине катышуунун алкагында жолугушууга макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK