2019-жылдын 14-июнунда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет-мүчөлөрүнүн башчыларынын Кеңешинин кеңири форматтагы отурумунун натыйжасы боюнча документтерге кол коюу аземи болуп өттү

5204

2019-жылдын 14-июнунда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн башчыларынын Кеңешинин кеңири форматтагы отурумунун натыйжасы боюнча документтерге кол коюу аземи болуп өттү. Отурумга бардыгы ШКУнун 8 мамлекет-мүчөлөрүнүн башчылары, 4 ШКУнун мамлекет-байкоочуларынын башчылары, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдар катышты. Кыргызстан ШКУдагы төрагалыкты Оруссияга берди. ШКУнун саммитинин кийинки отуруму 2020-жылдын 22-23-июлунда өтөт. Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет-мүчөлөрүнүн башчыларынын Кеңешинин отурумунун натыйжалары боюнча Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет-мүчөлөрүнүн башчыларынын Кеңешинин Бишкек декларациясына кол коюлду. Мындан башка, ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн экономика жаатындагы башчылары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду: - ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн 2018-2023-жылдарга карата Баңги заттарга каршы стратегиясын аткаруу боюнча аракеттер Программасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча Иш планын бекитүү жөнүндө чечими (2019-2020-жж.); - ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн аймактарынын башчыларынын Форумунун Регламентин бекитүү жөнүндө чечими; - ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн санариптөө жана маалыматкоммуникациялык технологиялары жаатындагы кызматташтыктын Концепциясын бекитүү жөнүндө чечими; - ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө чечими; - ШКУнун Башкы катчысынын Уюмдун өткөн жылынын ишмердүүлүгү жөнүндө Докладын бекитүү жөнүндө чечими; - ШКУнун терроризмге каршы аймактык түзүмүнүн Кеңешинин ШКУнун терроризмге каршы аймактык түзүмүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Докладын бекитүү жөнүндө чечими; - Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн 2019-2021-жылдарга карата кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө чечими; - ШКУнун Катчылыгы менен БУУнун Башкармалыгынын ортосундагы гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу жөнүндө чечими; - ШКУнун Катчылыгы менен Дүйнөлүк туристтик уюмдун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу жөнүндө чечими; - ШКУнун Катчылыгы менен “Астана” Эл аралык каржы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу жөнүндө чечими; - ШКУнун Катчылыгы менен БУУнун Тамак-аш жана айыл чарба уюмдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу жөнүндө чечими; - ШКУнун Катчылыгы менен БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын Катчылыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу жөнүндө чечими; - “ШКУ-Ооганстан” Контакттуу тобунун мындан аркы аракеттеринин Жол картасына кол коюу жөнүндө чечими; - Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет-мүчөлөрүнүн башчыларынын Кеңешинин отурумунун натыйжалары боюнча маалыматтык билдирүү (кол койбостон кабыл алынат)

Ошондой эле, Шанхай Кызматташтык Уюмунун отурумунун алкагында ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду: - ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн өкмөттөрүнүн ортосунда массалык маалымат каражаттары жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу; - ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу; - ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн 2019-2021-жылдарга карата саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташууну өркүндөтүү боюнча негизги чаралардын планы; - ШКУнун Катчылыгы менен Дүйнөлүк туристтик уюмдун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; - ШКУнун Катчылыгы менен БУУнун гуманитардык маселелерин координациялоо боюнча Башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; - ШКУнун Катчылыгы менен “Астана” Эл аралык каржы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; - “ШКУ-Ооганстан” Контакттуу топтун мындан аркы аракеттеринин Жол картасы. ШКУнун саммитинин отурумунун катышуучуларында Уюмдуу активдүү бекемдөө боюнча ой-пикирлеринин бирдиктүүлүгү, активдүү жана жемиштүү ишке даярдыгы байкалып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн башчыларынын кеңешинин отурумунун натыйжалары боюнча айтып өттү. Президент ШКУнун ишмердүүлүгү менен бир катар мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кызыкдар болуусу анын эл аралык карым-катнаштагы глобалдуу архитектурадагы туруктуу орду жөнүндө айгинелейт. “Биздин өз ара урматтоодо, тең укуктуулукта, өз ара түшүнүшүүдө негизделген жемиштүү жана натыйжалуу өз ара ишмердүүлүк ШКУнун өнүгүүсү үчүн туруктуу негиз болооруна ишенем.” – деди С.Жээнбеков. “Урматтуу достор, биздин отурумдун ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм жана жемиштүү иш үчүн баарыңарга ыраазычылык билдирем”, - деп кошумчалады С.Жээнбеков отурумдун аягында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK