Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаевдин Алматы областынын акими А.Баталов менен жолугушуусу жөнүндө

3418

Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Алматы областынын Талды-Коргон шаарында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси С.Раев Алматы областынын акими А.Г.Баталов менен жолугушууну өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташуусунун перспективалары жөнүндө пикир алмашты. Аймак аралык соода-экономикалык жана туристтик кызматташуунун активдештирүүсүнүн механизмдерин талкуулашты. Тараптар Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын жана Казакстан Республикасынын Алматы областынын эки тараптуу соода жүргүзүүнүн жана туристтердин санын өз ара жогорлатуу боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрү бар бирдиктүү пикирин айтышты. Эки аймактын деңгээлиндеги байланышты активдештирүү боюнча келишимге келишти. Аким А.Баталов өзүнүн коллегасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиевге салам узатып, жылуу сөзүн айтты.

Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областы менен Казакстан Республикасынын Алматы областынын ортосунда бир туугандык байланышы бар.

  • Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаевдин Алматы областынын акими А.Баталов менен жолугушуусу жөнүндө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK