2019-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Елбасы Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. 2019-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Елбасы Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

4654

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана узак өмүр каалады. Мындан башка Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин бирлик, стратегиялык өнөктөштүк жана ынак коңшулук маанидеги эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелеринин өнүгүүсүндө жана тереңделишинде өзгөчө ролун белгилеп кетти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK