Элчи Д.Дюшекеевдин Астана шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуусу жөнүндө

111

Элчиликтин Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандары менен өз ара аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Дюшекеевдин Астана шаарындагы диаспоранын активдүү өкүлдөрү менен салттуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда элчи Д.Дюшекеев Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берип, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана Казакстан Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө ыкчам маалымат берүү максатында, Казакстан Республикасынын аймагында жашаган кыргыз диаспорасы менен өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасын сунуштады.

Жол картасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда өтүүчү маданий-гуманитардык жана спорттук иш-чараларга диаспора өкүлдөрүнүн жигердүү катышуусу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, ошондой эле башка Казакстан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери каралган.

Жолугушуунун жыйынтыгында диаспоранын активдүү өкүлдөрү бул жолугушууну уюштургандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, бул Жол картасын жайылтуу боюнча мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы жарандардын катышуусу менен маданий иш-чараларды уюштуруу маселелеринде тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK