Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Д.Дюшекеев Казакстандын Улуттук космостук борборуна барды

107

Казакстан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин Аэрокосмикалык комитетинин төрагасы Баубек Оралмагамбетовдун чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Д.Дюшекеев Казакстандын Улуттук космостук борборуна барды.

Иш сапардын алкагында Элчи Д.Дюшекеев космостук аппараттарды жана алардын тетиктерин долбоорлоо, даярдоо, чогултуу жана сыноо боюнча Улуттук космос борборунун технологиялык жана өндүрүштүк базасы менен таанышты. Мындан тышкары, Аэрокосмикалык комитеттин төрагасы Б.Оралмагамбетов Казакстандын экономикасынын тармактык маселелерин чечүү үчүн Казакстан Республикасынын Жерди алыстан зонддоо космостук системасынын курамына кирген, жогорку жана орто чечмелүүлүктөгү KazEOSat-1 жана KazEOSat-2 космос аппараттары менен тааныштырды.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки боордош өлкөнүн космос тармагындагы мүмкүн болгон кызматташуу механизмдерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK