Назарбаев Университетине Маалыматтык сессиясы

109

«Назарбаев Университети» автономдук билим берүү уюму (мындан ары - NU) төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Бүгүнкү күндө, NU англис тилинде даярдалган бардык (foundation, бакалавриат, магистратура, докторантура) деңгээлдеги, жогорку сапаттагы академиялык изилдөө программаларын сунуш кылган, дүйнө жүзүндөгү абройлуу университеттер жана илимий борборлор менен өнөктөш заманбап жогорку окуу жайы болуп саналат. Мунун арты менен NU 2024 Times Higher Education International University Rankings (THE WUR) боюнча эл аралык изилдөө университеттеринин алдыңкы 30 тайпасына киргизилди.

2010-жылы түзүлгөндөн бери, NU өзүнүн программаларын эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн иштеп келет, анын стратегиялык максаттарынын бири 2025-жылга карата эл аралык студенттердин санын 800 студентке чейин көбөйтүү. Борбордук Азия чөлкөмү NU студенттерин интернационалдаштыруунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

NU жыл сайын чет өлкөлүк жарандарга окуу гранттарын сунуш кылат. Аталган гранттар географиялык бөлүштүрүүнүн негизинде, биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына берилет.

NU ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү максатында 2024-жылдын 20-апрелинде (ишемби) саат 14.00дө Алматы шаарындагы NU кеңсесинде Казакстан Республикасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасында туулган жарандар үчүн маалыматтык сессия өткөрүлөт.

Иш-чаранын форматы NU программалары, кабыл алуу процесси жана Борбордук Азиядан келген студенттер үчүн гранттар тууралуу презентациядан, ошондой эле жеке консультациялардан турат, анда NU өкүлдөрү абитуриенттердин жана алардын ата-энелеринин суроолоруна жооп беришет.

Ошондой эле, NU кабыл алуу боюнча жеке консультациялар күн сайын саат 10.00дөн 17.00гө чейин NU Алматы шаарындагы Сейфуллин проспектиси 609, BC Forum, 3-кабат дарегинде өткөрүлөт.

Кызыккан тараптардын консультацияларды оффлайн/онлайн режиминде алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эске алыңыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн Алматы шаарындагы кеңсенин координатору Айгүл Кайкеновага кайрылсаңыз болот (aigul.kaikenova(@nu.edu.kz, +7(727)33-98846).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK