Кыргыз Республикасынын Элчиси Д. Дюшекевдин Казакстан Республикасынын финансы министри М.Т.Такиев менен жолугушуусу тууралуу

85

Кыргыз Республикасынын Президентинин Казакстан Республикасына расмий сапарын даярдоонун алкагында у.ж. 28-мартында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Элчиси Д. Дюшекевдин Казакстан Республикасынын финансы министри М.Т.Такиев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, аталган иш сапардын алкагында кол коюуга пландалып жаткан айрым документтердин долбоорлорунун даярдыгы, ошондой эле чек арадан товарларды алып өтүүдө жана маалымат алмашууда үзгүлтүксүз мыйзам бузууларга жол берген тараптарга чара көрүү жана бүгүнкү күнгө чейинки түзүлгөн келишимдерди эске алуу менен жүк агымынын көлөмүн көзөмөлдөө боюнча ишти активдештирүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында мыйзам бузуусуз иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын ак ниет жүк ташуучуларын тобокелдиктерди башкаруу тутумунан (ТБТ) чыгаруу боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK