Астанада Кыргыз киносунун күндөрүнүн ачылышы болду. Көрсөтүлгөн тасма сенсация жаратты

88

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-апрелиндеги Казакстан Республикасына расмий сапарынын алдында 2024-жылдын 3-апрелинде Kinopark 8 IMAX Сарыарка кинотеатрында «Бейиш энелердин таман астында» тасмасынын көрсөтүлүшү менен Астанадагы Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышы болду.

Кинонун башталар алдында, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин, министрлик жана ведомстволордун, анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин, Астана шаарынын Акимчилигинин, дипломатиялык корпустун, массалык маалымат каражаттарынын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чогулган аудиториянын алдында кириш сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Дастан Дюшекеев жана Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министерлигинин Маданият башкармасынын терайымы Сеитова Кумис Карсакбаевна кайрылышты.

Кеченин атайын коноктору болуп Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Иманкулов Марат Муканович ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Он тогузунчу жолугушуусуна катышуу үчүн Астанага келген кесиптештери менен катышты.

Элчи Д.Дюшекеев белгилегендей, тасманы чет өлкөлүк тартуунун басымдуу бөлүгү достук мамилелеш Казакстандын аймагында жүргүзүлүп, ошону менен биргелешип интеллектуалдык жана маданий чыгармаларды жаратуунун даңктуу салты уланып жаткандыгын кубануу менен белгиледи.

Ссзүндо фильм март айында Кыргызстандын жана Казакстандын бардык кинотеатрларында дээрлик бир убакта чыкканы, бул Кыргызстандагы киножаратуучулар менен Казакстандын кинокоюучуларынын ортосундагы кызматташтыктын ырааттуулугун айгинелеп турганын белгиледи.

Айта кетсек, кыргыз тасмасы чыныгы сенсация жаратып, бир дагы көрүүчүнү кайдыгер калтырган жок.

Мындан тышкары, элчи Д.Дюшекеев эртеси күнү көрсөтүлө турган экинчи, андан кем эмес кызыктуу « Теңирберди» тасмасы да этикалык теманы ачып, бирок жеңил, комедиялык жанрда чагылдыраарын айтты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK