ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он тогузунчу жыйыны

68

Ушул жылдын 3-апрелинде Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Дюшекеев ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он тогузунчу жыйынына катышты.

Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары, ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары биринчи жолу Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, ошондой эле байкоочу катары Беларусь жана Монголиядан өкүлдөр катышты.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов өз сөзүндө бүгүнкү күндө эл аралык террористтик уюмдардын жана экстремисттик топтордун активдүүлүгүнүн күчөшү байкалып жатканын айтып, коп адамдардын өлүмүнө жана жабыр тартуусуна алып келген Иранда жана Россияда болуп өткөн катаал террордук актылар менен тастыкталганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту биргелешип камсыздоого багытталгандыгын ырастап, ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 19-жыйынынын Протоколуна кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK