МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов менен жолукту

44

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен жолукту.  

 “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында делегация башчыларынын кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өттү.  

 Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.  

 “Бүгүнкү жолугушуубуз Кыргыз Республикасынын Президентинин Казакстанга расмий сапарынын алдында өтүп жатат, бул бизге эки тараптуу мамилелердин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берет. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери кыргыз-казак өз ара аракеттенүүсү чыңдалып, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жеткендигин канааттануу менен белгилегим келет”, - деди ал.  

 Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 миллиард долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин, 2023-жылы өз ара сооданын көлөмү 1 млрд 317 млн долларды түзүп, ал 2022-жылга салыштырмалуу 11,6 пайызга өскөнүн белгиледи. Экспорт 455,7 млн долларды (өсүү 10,9%), импорт 862,2 млн долларды (өсүү 11,9%) түздү.  

 “Эки өлкөнүн өкмөттөрү кызматташуунун жаңы артыкчылыктуу багыттарын издөөнү жана өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү иштерин улантууну зарыл деп эсептейм”, - деди МинКаб Төрагасы.  

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Казакстандын өкмөт башчысы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Ал ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. 

Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, анда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK