Астанада Президент Садыр Жапаров жана Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

77

Бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK