Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү
![](/uploads/content/3046/d57be375-c8b5-34a2-adf1-55951d3af5b6.jpg)
Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар учурдагы актуалдуу маселелерди жана алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында боло турчу иш-чараларды талкуулашты.