2019-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним орнотуу боюнча иш-чаралары боюнча жыйын өлкөлөрүнүн улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү "Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним орнотуу боюнча иш-чаралар жөнүндө жолугушуу мейкиндигинде жарандык коом: абалы жана өнүгүүнүн келечеги" катышты

2674

2019-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу боюнча Академиясында өткөн Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним орнотуу боюнча иш-чаралары боюнча жыйын өлкөлөрүнүн улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрү "Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним орнотуу боюнча иш-чаралар жөнүндө жолугушуу мейкиндигинде жарандык коом: абалы жана өнүгүүнүн келечеги" атындагы Форумда катышты, ошондой эле Кыргыз Республикасында жарандык коомду өнүктүрүү жөнүндө Форумдун катышуучуларын тааныштырды.

Бул иш-чарада Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Е.Ашикбаев, Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним орнотуу боюнча иш-чаралар жөнүндө жолугушуунун Катчылыгынын аткаруучу директордун өкүлү С.Дармендра, Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүгүү боюнча министрдин орун басары, Казакстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасынын орун басары - Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын катчылыгынын башчысы Ж.Туймебаев саламдашуу сөзү менен катышкан. Мындан тышкары, Форумда Казакстан Республикасындагы Корея, Пакистан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдүн элчилери  катышышты.

Форумдун алкагында Казакстан Республикасынын жарандык коом өнүктүрүү боюнча Концепциясынын долбоору презентацияланды.

"Коомдук шайкештикти жылдырууда жарандык коомдун ролу. Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним орнотуу боюнча иш-чаралар жөнүндө жолугушуунун өлкөлөрүнүн тажрыйбасы" атынан пленардык жыйынында кийин иш "Жарандык коомдун өнүгүү келечеги" жана "Жаштар жана жарандык коомдо коммуникациялоомеханизмдери" панелдин секцияларынын алкагында улантылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK