Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

4788

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Казакстандын Президенти Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакубаттуулук, мындан ары да мамлекеттик жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине бакубат турмуш жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Мамлекет башчылары үстүбүздөгү жылы кыргыз-казак кызматташтыгындагы оң динамиканы канааттануу менен белгилешип,  Казакстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик визитинин күн тартибин талкуулашты.

Мындан мурда Президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүнө карата Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевден куттуктоо телеграммасын алган.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK