Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде гүл коюшту

2815

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине аналган Мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып, куран окулду.

Эске салсак, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK