Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Ч. Айтматовдун Үй-музейине барышты

3156

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Чынгыз Айтматовдун Үй-музейине барышты.

Мамлекеттер башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты. Чынгыз Айтматовдун уулу — Элдар Айтматов Президенттерге музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди жана Казакстан Президентине сүрөт белек кылды.

Касым-Жомарт Токаев Каалоолор китебине жазуу калтырды. Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары Чынгыз Айтматовдун үй-бүлөсү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK