Жаңы жылга байланыштуу дем алыш күндөрү жөнүндө

4546

Урматтуу мекендештер,

Урматтуу Казакстан Республикасынын аймагында жашаган кыргызстандыктар,

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 679 дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-7-январлары дем алыш күндөрү деп жарыяланды.

Ушуга байланыштуу, 2020-жылдын 1-январынан 7-январына чейинки күндөрдө Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги иштебейт, жабык болот.

Шашылыш маселелер пайда болгон учурларда консулдардын төмөндөгү тел.номурларына кайрылууңуздарды суранабыз: +77774733009 Чынгыз Кустебаев, +77761248833 Даражан Курманалиева

Урматтуу мекендештер,

Урматтуу Казакстан Республикасынын аймагында жашаган кыргызстандыктар,

Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атынан Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге жана биздин өлкөбүзгө тынчтык, бейпилдик жана өсүп-өнүгүүнү каалайбыз!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK