2020-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Ж.Кулубаев Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча презентациясында катышты

4228

2020-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиси Ж.Кулубаев Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча презентациясында катышты. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы – Кытайдан Казакстан, Каспий акваториясы, Азербайжан, Грузия аркылуу транзит менен Европа Биримдигине каттам.

Эл аралык ассоциациясы "Транскаспий эл аралык каттамы" демилгеси боюнча уюштуруулган иш-чарада Казакстан Республикасынын өнөр жай жана инфраструктурасы өнүгүү боюнча министри Б.Атамкулов, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Е.Кошербаев жана Казакстан Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин элчилери, ошондой эле башка кызыккан өкүлдөрү катышышты.

Презентациясында эл аралык транспорттук байланышы жана жүк ташууларды координациялоо жана өнүктүрүү маселелерди ишке ашырган Казакстан Республикасынын улуттук жана жеке компаниялардын жетекчилери өздөрдүн акыркы жылдары ишин жөнүндө ошондой эле Борбордук Азиянын өлкөлөрдүн, Кытайдын жана Европа Биримдигинин ортосундагы транспорттук жана логистикалык мамилелердин жана сооданын өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө айтып беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK