2020-жылдын 23-февралында Ата Мекенди коргоочулардын күнү Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Нур-Султан шаарынын “Жеруйык” сейил багында болуп өткөн Советтер Союзунун баатыры, генерал-майору Иван Панфиловдун эстелигине жана панфиловчу аскерлердин мемориалына гүл чамбар коюу аземине катышты

3741

2020-жылдын 23-февралында  Ата Мекенди коргоочулардын күнү Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Нур-Султан шаарынын “Жеруйык” сейил багында болуп өткөн Советтер Союзунун баатыры, генерал-майору Иван Панфиловдун эстелигине жана панфиловчу аскерлердин мемориалына гүл чамбар коюу аземине катышты.

Бул иш-чарада Россия Федерациясынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Бородавкин, Беларусь Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Никчасов, ошондой эле Казакстанда аккредиттелген Азербайжан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн элчиликтердин өкүлдөрү жана аскер атташелер катышышты.

Гүл коюу аземине Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана Ооганстандагы согуштун дагы ардагерлер, Казакстандын коргоо министрлигинин жана Нур-Султан ш. Акиматынын өкүлдөрү чакырылган.

Гүл коюу аземинде, айрыкча бул жылы 23-февралы күнү кырдаалга майрамы менен өзгөчө болду, КМШ өлкөлөрүндө, ушул жылдын 9-майы  Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгын белгиледи болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK