Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

4369

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустан улам терс кесепеттерди жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен, координацияланган чараларды улантуу зарылдыгы жөнүндө орток пикирде болушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK