Россия Федерациясынын Оренбург облусунан Казакстан аймагынын аркылуу КРнын жарандарын алып келүү тууралу

3371

2020-жылдын 21-22-майы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиликтин кызматкерлери Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук Комитетинин Чек ара кызматы жана Казакстан Республикасынын башка тиешелүү кызматтары менен биргелекте, Россия Федерациясынын Оренбург облусунда чек арадан өтө албай турган 413 Кыргызстандын жарандарын, Кыргыз Республикасына барууга Казакстан Республикасынын аймагына өткөрүп берүүгө көмөктөшкөн.
413 Кыргыз Республикасынын жараны 9 автобуска отургузулуп Кыргыз Республикасына Казакстандын жол полициясынын коштоосунда жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук Комитетинин Чек ара кызматына, акимчиликтерге жана башка тиешелүү кызматтарга көрсөткөн колдоосу үчүн, жана ошондой эле транзиттик бир жолу өтүүгө уруксат бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK