Элчи Ж.Кулубаев «Kazakh Tourism» АК улуттук компаниянын төрагасынын орун басары Т.Дуйсенгалиев менен жолугушту

6728

2019-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев «Kazakh Tourism» АК улуттук компаниянын төрагасынын орун басары Т.Дуйсенгелиев менен жолугушту.
Ж.Кулубаев  жолугушуу учурунда 2019-жылында Кыргызстандын туризм тармагында боло турган иш-чаралар, ошондой эле Казакстан жана аймактагы кошуна өлкөлөр менен туризм секторунда кызматташтыкты тереңдетүү иш- аракеттери жөнүндө маалымат берди. 
Өз учурунда Т.Дуйсенгалиев кыргыз тарабын Казакстанда уюштурулуп жаткан «Мандалак жолу», «Кɵчмɵндɵр дүйнɵсү», «Apple Fest» аттуу фестивалдар, “Алтай – түрк маданиятынын бешиги” аттуу конференция сыяктуу эл аралык иш-чараларга активдуу катышууга чакырды.
Жолугушуу учурунда эки тарап биргелешкен туристтик долбоорлордун ɵнүгүүсүн, Борбордук Азия аймагына туристик агымдарды тартуу жана ушул тармакта ɵз ара пайдалуу ɵнɵктɵштүктү колдоо үчүн атайын шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK