Нурсултан ш-на болгон жумушчу сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды

3388

2020-жылдын 29-октябрында Нурсултан ш-на болгон жумушчу сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды.

Казахстан ϴкмөтүнүн башчысы Министр Р.Казакбаевди Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

ϴз кезегинде ТИМдин башчысы Р.Казакбаев КРнын Президентинин м.а., Премьер-министри С.Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн жолдоду. Ошондой эле Кыргызстандагы кырдаал акырындык менен турукташып жана саясий процесстер укуктук талаага кайтып жатканы жөнүндө маалымдады, кыргыз тарабы бардык өзүнүн эл аралык милдеттемелерин толук карманарына жана бардык мурда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди катуу тартипте аткарарына ишендирди. КР ϴкмөтү тарабынан казакcтандык инвестицияларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өлкөнүн мыйзамдарына ылайык зарыл чаралар көрүлөрү жөнүндө казакстандык тарабын ишендирди.               

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдү белгилешти.

Тараптар COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы аракеттер маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Коронавирустук инфекциянын кесепеттерин жеңүү максатында  министр Р.Казакбаев КР Саламаттык сактоо министрлигинин муктаждыктары үчүн кыргыз тарапка медикаменттерди жана жеке коргоочу каражаттарды берүүгө көмөк көрсөтүү мүмкүндүгүн кароо өтүнүчү менен казакстандык тарабына кайрылды.

Ошондой эле кризистик мезгилдеги Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кырдаалды эске алуу менен өлкөнүн бюджетин кармоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн финансылык жардам көрсөтүү мүмкүндүгүн кароону өтүндү.

Жолугушуунун аягында тараптар жакынкы убакта жогорку жана эң жогорку деңгээлде, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларга катышуунун алкагында эки тараптуу жолугушууларды уюштурууга макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK