Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кемёнг университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

1518

2022-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Кемёнг университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда А.Исмаилова Кыргызстан Корея Республикасы менен билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга кызыккандыгын билдирди. Элчи биздин өлкөлөр ортосундагы медицина тармагында, атап айтканда, өзгөчө чөйрөдөгү жогорку адистештирилген докторлордун жана профессорлордун тажрыйба алмашуусунда кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар Кемёнг университетинин Донгсан медициналык борборунда Кыргыз Республикасынан келген студенттердин жана дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында биргелешкен билим берүү долбоорлорун, атап айтканда, университеттин филиалын, медициналык пункттун, ооруканасын же медициналык окуу жайын ачуу маселеси талкуланды.

Жолугушууда тараптар Жусуп Баласагын атындагы КУУ менен Кемёнг университетинин ортосундагы кызматташуу меморандумунун ишке ашырылышын, ошондой эле Кыргызстандан оор дартка чалдыккан 10 жаранды Корея Республикасында бекер дарылоо боюнча биргелешкен кыргыз-корей долбоорун талкуулашты. Корей тараптын маалыматы боюнча, Кыргызстандан 5 жарандан турган биринчи тоб болжол менен 2022-жылдын 17-сентябрынан 30-сентябрына чейин Корея Республикасына дарыланууга келүүсү пландаштырылууда. Кыргызстандын жарандарынын экинчи тобу 2022-жылдын 15-30-октябрына чейин келүүсү пландоодо.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK