Түштүк Кореянын компаниялары жана жеке ишкерлери Кыргызстанга гуманитардык жардам көргөзүшүүдө

5884

2020-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Сеул шаарындагы Элчилигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Элчиси Д.Кемелова Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Ардак консулу Ким Джон Гу мырза, «Son&Moon» компаниясынын Президенти Ли мырза жана Түштүк Кореялык ишкер Канг Сён Мо мырза менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандагы жана Түштүк Кореядагы коронавирус пандемиясы боюча кырдаалды талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанга болгон жардамды тапшыруу болуп өттү. «Son&Moon» компаниясынын Президенти Ли мырза 3 млн. корей вонун которду, ошондой эле Түштүк Кореялык ишкер имараттарды бактерияга каршы дезинфекциялоочу 20 аппаратты тапшырды.   
Аны менен бирге, ушул жылдын 24 июлунда Элчи Д.Кемелованын жергиликтүү жеке ишкерлердин тобу, ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте Корея Автономиялык Акыйкат Соода Ассоциациясынын Төрагасы Жён Хе Чун мырза менен жолугушуусу болуп өттү, жолугушуунун жүрүшүндө пост-коронавирустук мезгилдеги соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанга жакынкы рейс менен 30,000 коргоочу беткап түрүндө гуманитардык жардам жөнөтүлөт.
24 июль күнү «T’Way» авиакомпаниясынын Президенти Ёнг Хонг Гён мырза менен болуп өткөн жолугушууда гуманитардык жүктү акысыз жеткирүүгө макулдугун берди. 
25 июлда чартердик рейс менен Бишкеке гуманитардык жардам жеткирилди. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигине 2 даана ARDC-1502 абаны оң жана терс басым жасоочу жабдык, 20 даана бөлмөнү антибактериалык дезинфекциялоочу аппаратар, 22,500 коргоочу бет капчыктар өткөрүп берилди. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясына 250 комплект жеке коргонуу шаймандары өткөрүп (СИЗ) берилди.
Кыргыз Республикасынын Элчилиги жакынкы убакытда кошумча 8000 коргоочу бет капчыктарды жөнөтүүнү пландаштырууда.
Кыргыз Республикасынын Элчиси Д.Кемелова Түштүк Кореянын уюмдарына Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдөгү татаал мезгилде жардам берүүгө болгон даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK