Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Элчилиги өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата Кувейт Мамлекетиндеги кыргыз диаспорасынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара уюштурду

2147

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Элчилиги өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата Кувейт Мамлекетиндеги кыргыз диаспорасынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Кувейт Мамлекетиндеги Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов кыргыз жарандарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө КРдин жаңы жетекчилиги аныктаган артыкчылыктуу багыттарды жана чет өлкөдө жашаган жарандар менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөнүн зарылчылыгы тууралуу белгиледи.  Иш-чаранын катышуучуларына эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз-кувейт мамилелеринин өнүгүшү жана азыркы абалы тууралуу кыскача маалымат берди.

Элчи А.Карагулов 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүү жөнүндө жарандарга маалымдап, аларды шайлоо укугун активдүү колдонууга үндөдү.

Ошондой эле, Элчи А.Карагулов Кыргыз Республикасынын жарандарынын орчундуу суроолоруна жооп берди. Өз кезегинде, мекендештер 2021-жылдын 23-июнунда иштеп баштаган «Кувейт-Бишкек-Кувейт» багыты боюнча түз аба каттамын ачуу аракеттери үчүн Элчиликке ыраазычылыгын билдиришти.

  • 2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Элчилиги өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата Кувейт Мамлекетиндеги кыргыз диаспорасынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK