Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Аль-Жахра провинциясынын губернатору Насер Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту

2426

2021-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин маданий-тарыхый жана алысы администрациялык бирдиги Аль-Жахра провинциясынын губернатору Насер Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту.

Провинция жетекчиси Насер Фалах Аль-Хажраф 2021-жылдын жайында кувейттик чоң топ менен биргеликте Кыргызстанга болгон сапарындагы таасирлери тууралуу айтып берип, Ыссык-Көл жана Суусамыр өрөөндөрү, кыргызстандыктардын сабаттуулугу жана меймандостугу, жогорку маданияты тууралуу белгиледи. Буга байланыштуу, кыргыз тарабынын түз аба каттамды ачуудагы аракеттерине жана Кувейттик, ошондой эле жалпы Булуңдагы өлкө жарандарына визасыз режимин киргизүүсүнө ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Элчи А.Карагулов провинция башчысын Элчиликтин келечектеги пландары тууралуу, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги расмий сапарларды уюштуруу, мекемелер аралык кызматташыткты жандантуу, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда байланышты бекемдөөгө көмөк көрсөтүү тууралуу тааныштырды. Ошондой эле ал, губернатор Н.Аль-Хажрафты Кыргызстанга провинциядагы ишкерлер жана инвесторлор менен келип кетүүгө чакырып, өлкөнүн туристтик жана азык түлүк тармагына инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

  • 2021-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин маданий-тарыхый жана алысы администрациялык бирдиги Аль-Жахра провинциясынын губернатору Насер Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK