Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары, ТИМ Протокол департаментинин Директору Элчи Дари Аджран Аль-Аджран менен жолугушту

2631

2021-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары, ТИМ Протокол департаментинин Директору Элчи Дари Аджран Аль-Аджран менен жолугушуп, Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташытыктын деңгээлин талкуулады.

Элчи А.Карагулов Министрдин орун басарына Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогту уюштурууда Департамент Элчилик менен ыкчам иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Элчи ар кайсы эл аралык жана регионалдык аянтчаларда КР Президенти менен Кувейттин Премьер-министри жана эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушууларынын ийгиликтүү натыйжаларын белгиледи.

Министрдин орун басары Дари Аль-Ажран кувейттик тараптын Кыргыз Республикасы менен кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кувейттеги Элчиликтин ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн борборлорунда элчиликтин имараттарын куруу үчүн жер тилкелерин алмашуу маселеси оң жагынан чечилип жатканын жана тиешелүү келишимге КР Президентинин Эль-Кувейтке боло турган сапарынын алкагында кол коюу тууралуу маалымдады.

Аны менен бирге, тараптар эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкө өз ара бири-биринин демилгелерин жана талапкерлерин колдоо тажрыйбасына жогору баа берип, Эль-Кувейт менен Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда түз аба каттамды ачууда биргелешкен аракеттирди жана кувейттик кайрымдуулук уюмдардын багыты боюнча гуманитардык кызматташууну талкуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK