Кыргызстандын Кувейттеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейт университетинин жаңы ректору, доктор Юсуф Мухаммад Аль-Руми менен Кыргызстандын алдыңкы улуттук ЖОЖдору менен кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады

1683

2022-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейт университетинин жаңы ректору, доктор Юсуф Мухаммад Аль-Руми менен таанышып, Кыргызстандын алдыңкы улуттук жогорку окуу жайлары менен кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо үчүн жолугушту.

 

Элчи А.Карагулов доктор Юсеф Аль-Румини Кувейт Мамлекетинин башкы жогорку окуу жайынын ректору болуп дайындалышы менен куттуктап, дүйнөдө коронавирустук пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган тараптардын кызматташууну өнүктүрүү боюнча мурда белгиленген пландарын белгиледи. Ал, кыргыз тараптын илимий, академиялык жана студенттик алмашууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, Кыргыз Улуттук университетин өлкөдөгү эң эски жана алдыңкы университет катары белгилеп, ошондой эле өз ара иш сапарларды уюштурууга көмөктөшүүгө жана тиешелүү меморандумга кол коюуга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

 

Өз кезегинде доктор Ю.Аль-Руми кыргыз тараптын Кувейт менен илим жана билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүү ниетин кубаттап, Университеттин эл аралык байланыштарынын географиясын кеңейтүү жана Борбор Азия жана Кавказдагы алдыңкы университеттер менен кызматташуунун оң тажрыйбасын белгиледи. Ректор Булуңундагы жана араб дүйнөсүндөгү эң ири университеттердин бири катары таанылган Кувейт университетинин жаралуу тарыхы жана ишмердүүлүгү менен катар аны кеңейтүү жана модернизациялоонун азыркы этаптарына токтолду.

 

Мындан тышкары, Элчи А.Карагулов кыргыз жаштарынын араб маданиятын жана тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусунун жогору экендигин айтып, ректор Ю.Аль-Руми ар кайсы факультеттерде кыргызстандык студенттерди окутууга квоталарды көбөйтүү боюнча сунуштарды кароого даяр экендигин билдирди.

  • Кыргызстандын Кувейттеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейт университетинин жаңы ректору, доктор Юсуф Мухаммад Аль-Руми менен Кыргызстандын алдыңкы улуттук ЖОЖдору менен кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK