IX Кытай жана Борбордук Азия кызматташтык форумунун алкагында “Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин 30 жылдыгы” урааны астында Аялдардын өнүгүү форуму болуп өттү

954

2022-жылы 13-июлда Пекин шаарында IX Кытай жана Борбордук Азия кызматташтык форумунун алкагында “Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин 30 жылдыгы” урааны астында Аялдардын өнүгүү форуму болуп өттү.

Форумга Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары, Кытай Эл Республикасынын Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрагасы, ШКУнун Кытай комитетинин төрагасы Шэнь Юэюэ, Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын катчысы Ляонин провинциясынын КПК комитети, Ляонин провинциясынын Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжан Гоцин, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосю, ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын башчылары, аялдар иштери боюнча мамлекеттик уюмдар жана аялдар уюмдары, Борбордук Азиянын жана Кытайдын маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана илим өкүлдөрү катышышты.

Кыргызстандан КРнын Элчиси Канайым Бактыгулова катышып, өз сөзүндө Кыргыз Республикасы гендердик теңчиликти өнүктүрүүдө, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, мамлекет тарабынан бул багытта көрүлүп жаткан мындан аркы чаралар тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында аялдар өлкөнүн саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык турмушунда активдүү роль ойноп жаткандыгы баса белгиленди.

Форумдун жыйынтыгында “Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин 30 жылдыгы” Аялдардын өнүгүү форумунун демилгеси жарыяланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK